Дүйнөдө канча адам коронавируска чалдыккан

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө 34,2 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алышкан.

Акыркы 24 сааттын ичинде эле 237,484 миңи аныкталды. Бул тууралуу окумуштуулар иштеп чыккан онлайн картанын маалыматтары далилдеп турат.

Жалпысынан дүйнөдө коронавируска 34 миллион 205 миң 755 адам чалдыккан. Көбүнчө АКШ (7 миллион 277 миң 759), Индия (6 миллион 312 миң 584), Бразилия (4 миллион 847 миң 92), Россия (1 миллион 179 миң 634), Колумбия (835 миң 339), Перу (814) миң 829), Испания (778 миң 607), Аргентина (765 миң 2) жана Мексика (748 миң 315).

Коронавирусту жуктурган учурлар дүйнөнүн 188 өлкөсүндө катталган.

Коронавирусту жуктургандан кийин айыгып кеткендердин саны 23,7 миллиондон ашты. Бир сутка ичинде бул көрсөткүч 141 511 адамга көбөйгөн.

Коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 21 миң 763кө жетти. Акыркы суткада бул көрсөткүч 7 миң 605 адамга көбөйдү. Анын ичинде АКШда 207 миң 789 адам, Бразилия – 144 миң 680, Индия – 98 миң 678, Мексика – 78 миң 78 жана Улуу Британия – 42 миң 292 адам каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустук инфекция боюнча 47 миң 56 учур катталган, Казакстан – 108 миң 44, Өзбекстан – 57 миң 290, Тажикстан – 9 миң 811.

Добавить комментарий