Дүйнөдө канча адам коронавирус жуктурду

Акыркы бир күндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 72 845 адамга өстү.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө 2 миллион 476 миң 916 коронавирус инфекциясы катталды. Эң көп жуккан АКШ (786 миң 968), Испания (200 миң 210), Италия (181 миң 228), Франция (156 миң 480), Германия (147 миң 65) жана Улуу Британия (125 миң 856).

Коронавирустун учурлары 185 өлкөдө катталган.

Коронавирусту жуктуруп алгандан кийин айыгып кеткен адамдардын саны 640 миңден ашты, күн ичинде бул көрсөткүч 22 миң 41 адамга өстү.

Коронавирус инфекциясынан 170 миң 297 адам көз жумган (күнүнө 5 миң 68ге көбөйүп). Анын ичинде Италияда 24 миң 114 адам, Испанияда 20 миң 852, Францияда 20 миң 265 адам көз жумган.

Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын 590 учуру катталды, Казакстанда – 1 миң 852, Өзбекстанда – 1 миң 627, Россияда – 47 миң 121. Бул мамлекеттердин бардыгы вирустун жайылышын алдын алуу үчүн чек араларды жаап салышкан. Расмий маалыматтар боюнча, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Тажикстанда жана Түркмөнстанда азырынча вирус жок.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө пандемия катары коронавирустун жайылышын жарыялады.

Коронавирустун жаңы түрү 2019-nCoV декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарында башталган. Инфекциянын булагы жергиликтүү базарда сатылган жаныбарлар болгон.

Добавить комментарий