Дүйнөдөгү COVID-19 инфекциясынын жаңы статистикасы

Акыркы статистикага ылайык, жер жүзүндө 43,4 миллион адам коронавирус инфекциясын жуктуруп, 1,1 миллиондон ашуун адам каза болгон.

Илимпоздор тарабынан иштелип чыккан онлайн-картага таянсак, акыркы суткада дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 493 941 адамга көбөйдү.

Жалпысынан дүйнөдө коронавирус 43 миллион 483 миң 973 адамга жуккан. Көбүнчө АКШ (8 миллион 702 миң 750), Индия (7 миллион 946 миң 429), Бразилия (5 миллион 409 миң 854), Орусия (1 миллион 520 миң 800), Франция (1 миллион 209 миң 651), Аргентина (1 миллион 102 миң 301), Испания (1 миллион 98 миң 320), Колумбия (1 миллион 25 миң 52), Улуу Британия (897 миң 740) жана Мексика (895 миң 326).

Коронавирусту жуктурган учурлар дүйнөнүн 189 өлкөсүндө катталган.

Коронавирусту жуктургандан кийин айыгып кеткендердин саны 29,1 миллиондон ашты. Күндүн ичинде көрсөткүч 927 миң 213кө жогорулаган.

Коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 159 миң 397ге жетти. Күндүз бул көрсөткүч 5 миң 772 адамга көбөйдү. Анын ичинде АКШда 225 миң 697 адам, Бразилияда – 157 миң 397, Индияда – 119 миң 14, Мексикада – 89 миң 171 жана Улуу Британияда – 45 миң 88 адам каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын 56 миң 738 учуру катталды, Казакстан – 110 миң 684, Өзбекстан – 65 миң 667, Тажикстан – 10 миң 819.

Добавить комментарий