Дүйнөдө COVID-19 менен ооруган адамдардын саны 20 млн

Окумуштуулар тарабынан түзүлгөн онлайн картага ылайык, акыркы бир күндө дүйнөдө коронавирус жуккан адамдардын саны 227 941 адамга көбөйдү.

Дүйнөдө жалпысынан 20 миллион 89 миң 624 адам коронавирусту жуктурган. Эң көп жуккан АКШ (5 миллион 94,4 миң), Бразилия (3 миллион 57 миң 470), Индия (2 миллион 268 миң 675), Россия (890 миң 799), Түштүк Африка (563 миң 598), Мексика (485) миң 836), Перу (483 миң 133), Колумбия (397 миң 623) жана Чили (375 миң 44).

Коронавирустун инфекциясы дүйнөнүн 188 өлкөсүндө катталган.

Коронавирусту жуктуруп алгандан кийин айыгып кеткен адамдардын саны 12,2 миллиондон ашты. Бир сутка ичинде бул көрсөткүч 164 миң 695 кишиге көбөйгөн.

Добавить комментарий