Дүйнөдө COVID-19 менен ооруган адамдардын саны 20,5 млн

Окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан интернеттеги картага ылайык, акыркы бир күндө дүйнөдө коронавирус жуккан адамдардын саны 268 820 адамга көбөйдү.

Дүйнөдө жалпысынан 20 миллион 553 миң 702 адам коронавирусту жуктурган. Эң көп жуккан АКШ (5 миллион 197 миң), Бразилия (3 миллион 164 миң 785), Индия (2 миллион 329 миң 638), Россия (900 миң 745), Түштүк Африка (568 миң 919), Мексика (498 миң 380) ), Перу (489 миң 680), Колумбия (422 миң 519) жана Чили (376 миң 616).

Коронавирустун инфекциясы дүйнөнүн 188 өлкөсүндө катталган.

Коронавирус жуккан соң айыгып кеткен адамдардын саны 12,7 миллиондон ашты. Бир күн ичинде бул көрсөткүч 185 миң 45 кишиге көбөйгөн.

Добавить комментарий