Дүйнөдө COVID-19 менен ооруган адамдардын саны 16,2 млн

Окумуштуулар тарабынан түзүлгөн онлайн картага ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде дүйнөдө коронавирус жуккан адамдардын саны 205 555 адамга көбөйдү.

Дүйнөдө жалпысынан 16 миллион 252 миң 541 адам коронавирусту жуктурган. Эң көп жуккан АКШ (4 миллион 233 миң 923), Бразилия (2 миллион 419 миң 91), Индия (1 миллион 435 миң 616), Россия (811 миң 73), Түштүк Африка (445 миң 433), Мексика (390 миң) 516), Перу (375 миң 961), Чили (345 миң 790) жана Улуу Британия (301 миң 20).

Коронавирустун инфекциясы дүйнөнүн 188 өлкөсүндө катталган.

Коронавирус жуккан соң айыгып кеткен адамдардын саны 9,3 миллиондон ашты. Бир күндүн ичинде бул көрсөткүч 134 миң 985 кишиге көбөйдү.

Коронавирустан каза болгондордун саны 648 миң 637 кишиге жетти. Акыркы сутка ичинде бул көрсөткүч 4 миң 109 кишиге өстү. Анын ичинде АКШда 146 миң 935 адам, Бразилия – 87 миң 4, Улуу Британия – 45 миң 837, Мексика – 43 миң 680 жана Италия – 35 миң 107 адам көз жумган.

Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын 33,296 учуру катталды, Казакстанда – 83122, Өзбекстанда – 20,531, Тажикстанда – 7192.

Добавить комментарий