Дүйнөдө COVID-19 менен ооруган адамдардын саны 14,7 млн

Акыркы бир күндө дүйнөдө коронавирус менен ооруган адамдардын саны 253 миң 70 көбөйдү. Муну илимпоздор тарабынан иштелип чыккан онлайн картадагы маалыматтар тастыктап турат.

Дүйнөдө жалпысынан 14 миллион 703 миң 293 адам коронавирусту жуктурган. Эң көп жуккан АКШ (3 миллион 829 миң 920), Бразилия (2 миллион 118 миң 646), Индия (1 миллион 155 миң 338), Россия (776 миң 212), Түштүк Африка (373 миң 628), Перу (353 миң) 590) Мексика (349 миң 396), Чили (330 миң 930) жана Улуу Британия (296 миң 944).

Коронавирустун инфекциясы дүйнөнүн 188 өлкөсүндө катталган.

Коронавирус жуккан соң айыгып кеткен адамдардын саны 8,2 миллиондон ашты. Бир күн ичинде бул көрсөткүч 164 миң 466 кишиге көбөйгөн.

Коронавирустан каза болгондордун саны 602 миң 138ге жетти. Акыркы сутка ичинде бул көрсөткүч 7 миң 668 кишиге өскөн. Анын ичинде АКШда 140 миң 905 адам, Бразилия – 80 миң 120, Улуу Британия – 45 миң 397, Мексика – 39 миң 485 жана Италия – 35 миң 58 адам көз жумган.

Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын 28,251, Казакстанда – 73 468, Өзбекстанда – 17149, Тажикстанда – 6 921 учур катталды.

 

Добавить комментарий