Дүйнөдө акыркы суткада коронавирус жуктургандар боюнча статистика

Коронавирустук инфекцияга чалдыккан адамдарды каттоо боюнча дүйнөлүк статистиканын жаңы маалыматтарына ылайык, акыркы 24 саатта дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 686 миң 72 көбөйдү. Муну илимпоздор тарабынан иштелип чыккан онлайн картанын маалыматтары тастыктап турат.

Жалпысынан дүйнөдө коронавирус 48 миллион 34 миң 287 адамга жуккан. Баарынан да АКШ (9 миллион 480 миң 242), Индия (8 миллион 313 миң 876), Бразилия (5 миллион 590 миң 25), Россия (1 миллион 680 миң 579), Франция (1 миллион 591 миң 152), Испания (1 миллион 284 миң 408), Аргентина (1 миллион 205 миң 928), Колумбия (1 миллион 108 миң 86), Улуу Британия (1 миллион 102 миң 305) жана Мексика (943 миң 630).

Коронавирустук инфекция учурлары дүйнөнүн 190 өлкөсүндө катталган.

Коронавирустук инфекциядан айыгып кеткендердин саны 31,8 миллиондон ашты. Бир сутка ичинде бул көрсөткүч 279 миң 748 көбөйгөн.

Коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 224 миң 415 жетти. Бир сутка ичинде бул көрсөткүч 11 миң 571 адамга көбөйдү. Анын ичинде АКШда 233 миң 663 адам, Бразилияда — 161 миң 106, Индияда — 123 миң 611, Мексикада — 93 миң 228 жана Улуу Британияда — 47 миң 832 адам каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын 61 миң 309 учуру катталган, Казакстанда — 114 миң 235, Өзбекстанда — 67 миң 779, Тажикстанда — 11 миң 180.

Добавить комментарий