Дүйнөдө 9,4 миллиондон ашык адам коронавирусту жуктурган

Дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны 9,4 миллиондон ашты.

Акыркы 24 сааттын ичинде дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 166 680 адамга көбөйдү, буга илимпоздор тарабынан иштелип чыккан интернет-картанын маалыматтары күбө.

Дүйнөдө жалпысынан 9 миллион 407 миң 78 адам коронавируска чалдыккан. Эң көп жуккан АКШ (2 миллион 380 миң 490), Бразилия (1 миллион 188 миң 631), Россия (606 миң 43), Индия (456 миң 183), Улуу Британия (308 миң 336), Перу (264 миң 689) жана Чили (264 миң 689).

 

Коронавирус инфекциясы 188 мамлекетте катталган.

Коронавирусту жуктуруп алгандан кийин айыгып кеткен адамдардын саны 4,7 миллиондон ашты. Бир күндүн ичинде индикатор 115 миң 454 кишиге өскөн.

Коронавирустан каза болгондордун саны 482 миң 162ге жетти. Шаршемби күнү эртең мененки маалыматка салыштырмалуу бул көрсөткүч 5 миң 217 кишиге көбөйдү. Тактап айтканда, АКШда 121 миң 969 адам, Бразилияда – 53 миң 830, Улуу Британияда – 43 миң 165, Италияда – 34 миң 644, Францияда – 29 миң 734 адам көз жумган.

Кыргызстанда коронавирус менен ооруган 3 миң 954, Казакстанда – 18 миң 765, Өзбекстанда – 6 миң 901, Тажикстанда – 5 миң 630 катталган.

 

Добавить комментарий