Бишкектеги абанын булгануу деңгээли

Борбор калаада орнотулган өлчөө каражаттарынан алынган маалыматтарга ылайык, абанын булгануу деңгээли орточо деңгээлде. Маалыматтар эртең мененки саат 8.30га карата берилген.

Абанын сапатынын индекси 65 (AQI).

«Экологиялык Чечимдер Институту» коомдук фонду борборго жана шаар четине датчиктерди орнотту. Картада Бишкек шаарынын ар кайсы райондорундагы AQI орточо мааниси көрсөтүлгөн. Ал саат сайын жаңыланып турат.

Маалымдама үчүн! Абанын сапатынын индекси (AQI) ден-соолукка кооптуу деңгээлдин жогорулагандыгын көрсөткөн алты категорияга бөлүнөт. AQI 300дөн жогору болсо, ал абанын зыяндуу сапатын көрсөтөт, ал эми 50дөн төмөн болсо жакшы.

Добавить комментарий