Бишкекте булгануу деңгээли жогорулады

Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээли мурунку көрсөткүчтөргө салыштырмалуу жогорулаганы белгилүү болду. 2021-жылдын 8-мартында эртең мененки маалымат боюнча, Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү эң ири шаарлардын World Air Quality рейтингинде 24-орунда турат.

Эртең мененки саат 9.30да шаардын макамы «сезимтал топтор үчүн ден-соолукка зыян» деп белгиленди. Сайттын маалыматы боюнча, абанын сапатынын индекси 114 (AQI).

«Экологиялык Чечимдер Институту» коомдук фонду борборго жана шаар четине датчиктерди орнотту. Картада Бишкек шаарынын ар кайсы райондорундагы AQIдин орточо мааниси көрсөтүлгөн. Ал саат сайын жаңыланып турат.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да датчик орнотту. Маалымат саат сайын жаңыланып турат. Саат 9.00дө, дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагындагы абанын сапатынын индекси 97 (AQI).

Белгилей кетүүчү нерсе, Абанын сапатынын индекси (AQI) ден-соолукка кооптуу деңгээлдин жогорулашын көрсөткөн алты категорияга бөлүнөт. AQI көрсөткүчү 300дөн жогору болсо, абанын кооптуу сапатын көрсөтөт, ал эми AQI деңгээли 50дөн төмөн болсо, жакшы болот.

Добавить комментарий