Бишкек: абанын булганышынын деңгээли идеалдуу эмес

Бишкек кайрадан абанын сапаты боюнча дүйнөдөгү эң булганган шаарлардын ондугуна кирди. Борборубуз тизмеде сегизинчи орунда турат.

Кечки саат 18.20да шаардын статусу “жаман” деп белгиленди. Абанын сапатынын индекси, сайтка ылайык, 152 (AQI).

“Экологиялык чечимдер институту” коомдук фонду борбор калаага жана шаар четине датчиктерди орнотту. Картада Бишкектин ар кайсы райондорундагы орточо AQI көрсөтүлгөн. Ал саат сайын жаңыланып турат.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да датчик орнотту. Маалымат саат сайын жаңыланып турат. Дипломатиялык миссиянын аймагында абанын сапатынын индекси «орточо» – 80 (AQI).

Белгилей кетсек, абанын сапаты индекси (AQI) ден-соолукка коркунучтун жогорулашын көрсөткөн алты категорияга бөлүнгөн. AQI 300 жогору кооптуу абанын сапатын көрсөтөт, ал эми 50 төмөн болсо жакшы.

Добавить комментарий