Бишкек: Абанын булганышы төмөндөдү

Экологдордун айтымында, Бишкектин датчиктеринен алынган маалыматтар борбордогу абанын булганышы орточо деген тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет.

Маалым болгондой, саат 8.30га карата шаардын макамы «орточо» деп белгиленди. Сайттын маалыматы боюнча, абанын сапатынын индекси 58 (AQI).

«Экологиялык Чечимдер Институту» коомдук фонду борборго жана шаар четине датчиктерди орнотту. Картада Бишкек шаарынын ар кайсы райондорундагы AQIдин орточо мааниси көрсөтүлгөн. Ал саат сайын жаңыланып турат.

Белгилей кетүүчү нерсе, Абанын сапатынын индекси (AQI) ден-соолукка кооптуу деңгээлдин жогорулашын көрсөткөн алты категорияга бөлүнөт. AQI көрсөткүчү 300дөн жогору болсо, абанын зыяндуу сапатын көрсөтөт, ал эми AQI деңгээли 50дөн төмөн болсо, жакшы болот.

Добавить комментарий