Бишкек: абанын булганышы, 2021-жылдын 11-октябры

Жылытуу мезгилинин башталышы менен Бишкек абасы эң булганган он шаардын катарына кирди.    

Дүйнөнүн эң ири шаарларынын World Air Quality рейтингинде Бишкек сегизинчи орунда.

Саат 11.00дө шаардын статусу «сезимтал топтор үчүн ден соолукка зыян» деп белгиленген. Абанын сапатынын индекси, сайтка ылайык, 123 (AQI).

«Экологиялык чечимдер институту» коомдук фонду борборго жана шаар четине датчиктерди орнотту. Картада Бишкектин ар кайсы райондорунда орточо AQI көрсөтүлгөн. Ал саат сайын жаңыртылып турат.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да сенсор орнотту. Маалымат саат сайын жаңыртылып турат. Саат 11.00дө дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагында абанын сапатынын индекси «орточо» – 77 (AQI).

Белгилей кетсек, аба сапатынын индекси (AQI) ден соолукка коркунучтун жогорулашын көрсөткөн алты категорияга бөлүнөт. 300дөн жогору AQI абанын коркунучтуу экенин көрсөтөт, 50дөн төмөн болсо жакшы.

Добавить комментарий