Акыркы үч күндүн ичинде дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 530 миң 557 адамга көбөйдү. Муну окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан интернет-картанын маалыматтары тастыктап турат.
Дүйнөдө жалпысынан 10 миллион 117 миң 326 адам коронавируска чалдыккан. Эң көп жуккан АКШ (2 миллион 548 миң 991), Бразилия (1 миллион 344 миң 143), Россия (633 миң 563), Индия (528 миң 859), Улуу Британия (312 миң 640), Перу (279 миң 419) жана Чили (271 миң 972).
Коронавирус инфекциясы 188 мамлекетте катталган.
Коронавирусту жуктуруп алгандан кийин айыгып кеткен адамдардын саны 5,1 миллиондон ашты. Үч күн ичинде бул көрсөткүч 301 миң 815 кишиге көбөйдү.
Коронавирустан каза болгондордун саны 501 миң 281ге жетти. Жума күнү эртең мененки маалыматка караганда, көрсөткүч 12 миң 457 кишиге көбөйдү. Тактап айтканда, АКШда 125 миң 803 адам, Бразилияда — 57 миң 622, Улуу Британияда — 43 миң 634, Италияда — 34 миң 738, Францияда — 29 миң 781 адам көз жумган.
Кыргызстанда коронавирус менен 5 миң 17, Казакстанда — 20 миң 780, Өзбекстанда — 7 миң 948, Тажикстанда — 5 миң 849 учур катталды.