
Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинен 21-июнуна чейинки мезгилде алтындын өлчөнгөн куймасы 188 долларга баасын жоготкон.
Кеп Кыргызстандын Улуттук банкынын куймаларды кайра сатып алуусу жөнүндө болуп жатат. Алтындын баасы 14 миң 948,5 сомго арзандады.
21-апрелде Улуттук банк элден куймаларды 166 миң 633,5 сомго сатып алды. Бүгүнкү күндө кайра сатып алуу 151 миң 685 сомду түзөт. Нарктагы айырма 8,9% түздү.
Белгилей кетсек, бир жыл мурун бир куйманы кайра сатып алуу 155 миң 638,5 сомду түзгөн. Мындан улам жыл ичинде унция 2,54% же 3953,5 сомго арзандаган.
Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук банктан алтындын унциясын 182 миң 602 сомдон сатып алууга болот. Учурдагы маани 13-июндан бери өзгөрүүсүз калды.
КР Улуттук банкынын алтын куймаларын кайра сатып алуу наркы кандай өзгөрдү
2022-жылдын 21-апрелинен 21-июнуна чейин

Акыркы үч айда Кыргызстанда алтындын баасы төмөндөп баратат. Унциянын наркынын жалпы жоготуусу…