Адаттан тыш жылуу болобу? Январга карата аба ырайынын божомолу

Кыргызгидромет 2020-жылдын январына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында абанын температурасы климаттык нормадан 1…2 градуска жылуу болот.

Среднемесячная температура воздуха в январе 2020 года

Чүй облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2 градус жогору болуп, -1…+1 градуска жетет. Тоо этектериндеги райондордо жана Кемин өрөөнүндө -3…-5 градус суук болору айтылды.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан -7…-12 градус суукка чейин, күндүз -2…+3 градустан 6…11 градуска дейре жылуу болушу ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлөт.

Талас облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-2 градус жогору болуп, сууктун күчү -1…-3 градуска чамалап барат.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градус сууктан -8…-13 градус суукка чейин, күндүз -3…+2 градустан 5…10 градуска чейин жылуу болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу ыктымал.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1-3 градус жогору болуп, 0…2 градус жылуу болору айтылды. Тоо этектериндеги райондордо -2 градуска дейре суук болушу мүмкүн.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…+4 градустан -2…-7 градуска чейин суук болот. Ал эми күндүз 6…11 градуска дейре жылуу болушу ыктымал. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4…+1 градустан -5…-10 градуска дейре суук болот. Күндүз болсо -2…+3 градустан 4…9 градуска чейин өзгөрүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу ыктымал.

Среднемесячное количество осадков в январе 2020 года

Ысык-Көл облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -1…-3 градус суук болору айтылды. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -5…-7 градуска чейин жетет.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градустан -10…-15 градуска чейин түшөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Нарын облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, сууктун күчү -12…-14 градуска барат.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -13…-18 градустан -20…-25 градуска дейре суук болот. Ал эми күндүз -8…-13 градус сууктан -2…-7 градуска чейин өзгөрүп турат.

Ат-Башы районунда абанын температурасы түнкүсүн -28 градуска дейре жетет. Күндүз -5…-10 градус суук болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу мүмкүн.

Добавить комментарий