2021/2022-окуу жылында мектеп окуучулары канча күн эс алат

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгүнө убакыт табуу жана туристтик сезонду узартуу максатында окуу жылы 15-сентябрда башталды.

Эгерде биринчи чейректе 38 окуу күнү (7,5 жума) болсо, экинчисинде 35 (7 жума) болот. Кышкы каникул 1-январдан 10-январга чейин күтүлүүдө.

Үчүнчү чейрек 11-январда башталып, 18-мартка чейин созулат. Бул 47 окуу күнү же 9,5 жума. Жазгы каникул 21-27-мартка чейин болот.

Төртүнчү чейрек эң узак – 50 окуу күнү (10 жума). Окуу 28-мартта башталып, 8-июнда аяктайт.

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылында календарга майда-чүйдөсүнө чейин оңдоп-түзөөлөр киргизилиши мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

Добавить комментарий