2020-жылдагы эң көп кирешелүү КРнын депутаттары

Парламент депутаттарынын салык декларациясынын негизинде чогултулган маалыматка ылайык, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча эл депутаттарынын жалпы кирешеси 345 миллион 466 миң 683 сомду түздү.

Мындай тыянактарды Салык кызматынын сайтында жарыяланган Бирдиктүү салык декларациясында келтирилген парламентарийлердин маалыматы боюнча чыгарууга болот.

“Акчабар” Жогорку Кеңештин депутаттарынын 132 декларациясынын кирешеси боюнча маалыматтарды талдап, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча эң көп киреше алган 10 эл өкүлүн түздү.

Белгилей кетсек, 2020-жылы КР ЖКда 120 депутат отурганына карабай, алардын айрымдары мандатын таштап, ордуна тизмедеги кийинки депутаттар партиясына келишкен.

Киреше графасында төрт депутаттын – Ныязбек Арзыбаев, Саматбек Ибраев, Махабат Мавлянова, Бакытбек Сыдыковдун нөлдүк суммасы белгиленгенин кошумчалайбыз.

Кирешелери боюнча маалыматы барлардын ичинен эң азы Самат Исмановго (79 миң 70,7 сом), Чынара Урумкалиевага (81 миң 320 сом) жана Султанбек Анарбаевге (87 миң 157 сом) тиешелүү.

Добавить комментарий