Жогорку Кеӊеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргыз күрөшү боюнча Азия ачык чемпионатынын жеӊүүчүлөрүнө энчилүү сааттарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 6-декабрда үстүбүздөгү жылдын 27-28-ноябрь күндөрүндө биринчи жолу Бишкек шаарында өткөрүлгөн кыргыз күрөшү боюнча Азия ачык чемпионатынын өзгөчө балбандарын – жеӊүүчүлөрдү энчилүү сааттар менен сыйлады.

Улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымдары жана спорттук жетишкендиктери үчүн Жогорку Кеӊештин Төрагасынын колунан энчилүү сааттарды төмөнкү жарандар алышты: кыргыз күрөшү боюнча машыктыруучу – Туратбек Тойчубеков, чемпионттын жеӊүүчүлөрү, 66 жана 84 киллограмга чейинки салмак категорияларында 1-орунду багындырган Асанкелди Нурказым уулу жана Бектурган Кожомуратов.

Жогорку Кеӊеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттык корпустун жана жеке өзүнүн атынан спортчуларды жараткан көрсөткүчтөрү үчүн куттуктап, алардын ийгиликтери жаш спортчуларга мыкты стимул болоорун, жаштарды спортко болгон кызыгуусун арттырарын, кыргыз элинин баа жеткис маданий-тарыхый мурастарынын бири – кыргыз күрөшүн даӊазалоого көмөкчү болоорун баса белгиледи.

«Силердин жеӊишиӊер талыкпаган эмгектин, кажыбас кайраттын чечкиндүүлүктүн жыйынтыгы. Биз силердин жетишкендигиӊер менен сыймыктанабыз жана силердин эр мүнөзүӊөр менен кайраттуу эркиӊер жаӊы-жаӊы спорттук бийиктиктерди багындырарына бекем ишенебиз»,- дейт Д.Жумабеков. Ошону менен катар Жогорку Кеӊештин Төрагасы мамлекеттин эӊ биринчи кезектеги милдеттеринин бири спорттук коомчулукка колдоо көрсөтүү, ошондой эле республиканын баардык региондорундагы спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү болуп саналаарын билдирди.

Жогорку Кеӊеш Төрагасы Кыргыз күрөшү боюнча федерациянын төрагасы Рыскелди Шамиевге жана машыктыруучу Туратбек Тойчубековго өзгөчө ыраазычылыгын билдирип, алардын нускоосу менен кыргызстандык спортчулар болуп өткөн мелдештерде мыкты натыйжаларды жаратып жатышкандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде Р.Шамиев Жогорку Кеӊештин Төрагасына жылуу кабыл алгандыгы жана куттуктоосу үчүн ыраазычылыгын айтып, Дастанбек Жумабековго кийинки жылы Монголияда өтө турган күрөш боюнча эл аралык чемпионатка катышуу үчүн бара турган Кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын делегациясын жетектөөнү сунуш кылды.

Белгилей кетсек, кыргыз күрөшү боюнча Азия ачык чемпионаты биринчи жолу Бишкекте 27-28-ноябрь күндөрүндө өттү. Мелдешке 16 өлкөнүн балбандары катышты. Иш-чарада спортсмендер 7 категориядагы салмак боюнча 28 медаль үчүн күч сынашты. Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын балбандары 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту.

Добавить комментарий