Белгилүү оор атлетчи Каныбек Осмоналиев Москвада сыйланды

1980-жылкы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев жалпы россиялык «Национальное величие» программасынын лауреаты болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков башкы прокурорго генерал наамына тең келген чин ыйгарды
Сыйлык тапшыруу аземи 29-ноябрда Москва шаарында өткөн. Сыйлыкты СССР учурундагы жана постсоветтик мезгилде ийгилик жараткан кишилер алды.
Кыргызстандын атынан «Ар-намыс жана кадыр барк» номинациясынын лауреаты болуп, Осмоналиевден тышкары ишкер, меценат Аскар Салымбеков дагы татыган. Элчиликтин кабарлашынча, Кыргызстандын башка жарандарына да сыйлык тапшырылган.

«Национальное величие» сыйлыгы Россиянын Мамлекеттик думасынын колдоосу менен «Деловая Россия» коомдук уюмунун демилгеси менен 2005-жылы негизделген.

Добавить комментарий