Жарандарды колдошту: 100 тонна картөшке Бишкекке жөнөтүлдү

Ысык-Көл облусунун жашоочулары Бишкектеги оор кырдаалга кабылган адамдарга колдоо көрсөтүүнү чечишти. Алар азык-түлүк жардамын чогултуп, борбордогу аз камсыз болгон жарандарга жөнөтүштү.

Ысык-Көл облусунун жашоочулары жардамга муктаж Бишкектин тургундарына 100 тонна картөшке жөнөтүштү. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча аймактык ыкчам штабдын отурумунда айтылды.

Картөшке борбор калаанын тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Ысык-Көл облусунун жашоочулары тарабынан чогултулуп, муктаж адамдарга таратуу үчүн мэрияга өткөрүлүп берилди. Бул кадам сыйга жана ыраазычылыкка татыктууадамгерчиликтин жана боорукердиктин жаркын мисалы.

Добавить комментарий