Жапаров Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги жолдорду реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

КР башчысы Садыр Жапаров 2025-жылы бүткөрүү пландаштырылган Балыкчы-Барскоон унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Узундугу 141,7 чакырым болгон участокту оңдоо 2025-жылды кошкондо жүргүзүлөт. Төрт тилкелүү жол куруу пландалууда. Долбоор «Кыргызалтын» ААК тарабынан каржыланат. Бүгүнкү күндө нөлдөн баштап 25 -чакырымга чейинки аралыкта жер иштетүү иштери активдүү жүрүп жатат.

Президенттин басма сөз кызматы белгилегендей, көз карандысыз республиканын тарыхында биринчи жолу долбоордун башкы подрядчысы ата мекендик компания – Кыргызстандын жол жумушчулар ассоциациясы болуп саналат. Жол тармагында 30 жылдын ичинде жергиликтүү компанияларга ири долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берилген бир дагы учур болгон эмес.

Жапаровдун айтымында, заманбап магистралдын курулушу региондун экономикасын жана туристтик индустриясын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

Добавить комментарий