Жалал-Абад шаарында 1-майдан баштап бардык мектептер аралыктан окутууга өткөрүлдү

1-майдан баштап Жалал-Абад облусундагы мектептер билим берүү мекемелеринин биринде коронавирус инфекциясы чыккандыгына байланыштуу оффлайн режиминде окуй башташты.

Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев билдирди.

Анын айтымында, шаардык штабдын мындай катаал чечимине 4 окуучу жана 2 мугалимден коронавирус табылганы себеп болгон.

«Р. Санатбаев атындагы No9 мектептин окуучусу, Б. Осмонов атындагы No5 мектептин эки окуучусу жана С. Давлетов атындагы No14 мектептин дагы бир окуучусу, ошондой эле No19 жана No2 мектептердин мугалимдери коронавирусту жуктуруп алышты.

Бүгүн алардын абалы туруктуу, алар стационардык дарылануудан өтүшөт. Эми биз калган окуучуларыбызга жана мугалимдерибизге коркунуч туудурбоо үчүн дистанттык окутууга өтүп жатабыз. Мындай чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча шаардык штаб кабыл алды. Шаардагы 20 мектептин 9-11-классынын окуучулары гана салттуу түрдө окушат.

Рейддер жеке мектептерде жүргүзүлүп жатат. Жакынкы күндөрү окуучулардын санына жараша ал жакта окуу процесси улантылабы же жокпу чечилет», – деди Ы. Калчаев.

Буга чейин коронавируска каршы күрөшүү боюнча шаардык штаб коомдук тамактануу, эс алуу, кафе-ресторандар, мечиттер тыкыр көзөмөлгө алынарын билдирген. Алгач, санитардык эрежелерди сактоо боюнча эскертүү берилип, талаптарды аткарбагандарга чектөө киргизилет.

Шаардын 20 мектебинде 24 миң 600 бала билим алат.

Добавить комментарий