Жаңы жылда атылчу салют Бишкектин абасын булгайбы? Мэриянын жообу

Борбор калаада жаңы жылдык фейерверктер, салюттар 30дан 130 метрге чейинки бийиктикте атылат. Бул абанын булганышына анча көп таасирин тийгизбей турганын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлү Аязбек Кыдыргычев жергиликтүү ЖМКнын бирине берген маегинде фейерверктер 30-130 метр бийиктикте атылышы керектигин айткан.
Мэриянын билдиришинче, майрамга карата 683,6 миң сомго салют сатып алынган, асманга алты мүнөт атылат. Ал салюттар бардык талаптарга ылайыкташтырылган, экологияга анча көп зыян келтирбейт.

Добавить комментарий