Жаңы айдоочулук күбөлүктүн наркы 573 сомго кыскарып, жалпысынан 733 сомду түздү. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Мамкаттоодон белгилешкендей, бланктарды сатып алуу мурдагыга караганда тогуз эсе ылдыйлап, 100 сом 86 тыйынды түздү. Анткен менен билдирмеден айдоочулук күбөлүктүн баасы бланкка караганда бир топ жогору экендигин байкоого болот.
Буга чейин түзүлгөн айдоочулук күбөлүктүн баасы:
- Айдоочулук курам боюнча маалыматтардын түзүлүшү — 184 сом;
- Каттоо жана транспорт каражатын башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүктү берүү — 184 сом;
- Бланк —12 евро (937 сом);
- Жалпысынан — 1 миң 305 сом 80 тыйын
Жаңы күбөлүктөрдүн баасы кантип бекитилди:
- Айдоочулук курам боюнча маалыматтардын түзүлүшү — 184 сом;
- Каттоо жана транспорт каражатын башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүктү берүү — 184 сом;
- Бланк —100 сом 86 тыйын (кошумча банктын төлөмдөрү болот);
- Жекелештирүү боюнча кызмат — 255 сом;
- Жеткирүү — 9 сом 63 тыйын;
- Жалпысынан — 732 сом 63 тыйын.
Мамкаттоо айдоочулук күбөлүктөрдү жекелештирүү менчик компаниялардан мамлекеттик мекемелерге өткөнүн эскертти.
Жаңы айдоочулук күбөлүктүн дизайны жакшыртылып, жогорку сапаттагы материалы (поликарбонат) менен айырмаланып турат. Бланк жалпысынан 20 коргоочу элементке ээ экендиги белгиленди.
Эске салсак, быйыл июнь айынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк бербей калган. Себебин эски үлгүдөгү бланктар жок калды деп түшүндүргөн. Ал эми жаңысы басыла элек болчу. Айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсү басылып чыкканга чейин ордуна убактылуу бланк берилип келген. Ал 2019-жылдын 31-декабрына чейин гана жарактуу болуп саналат.
Буга чейин мекемеден күбөлүктөр 1-октябрдан тарта берилип баштарын билдиришкен. Бирок ноябрдын ортосуна, андан кийин декабрдын башына жылдырылып, кийинчерээк 9-декабрда берилери айтылган.