Жөлөк пулдардын өлчөмүн жана минималдуу кирешени жыл сайын көтөрүп турууну сунуш кылган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Депутаттар «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташты, анда министрлер кабинетинин жыл сайын жөлөкпулдардын өлчөмүн, кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмүн, ошондой эле жыл сайын алардын көлөмүн өткөн жылдагы инфляциянын деңгээлинен төмөн эмес деңгээлде индексациялоо милдетин бекемдейт.
Бул мыйзамдык өзгөртүүлөр Конституцияда белгиленген жашоочулардын жашоо минимумунан төмөн эмес өлчөмдөгү жөлөкпулдардын өлчөмүнө карата кепилдиктердин иш жүзүндө аткарылышын камсыз кылат, деп билдирди мыйзам долбоорунун авторлору – Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, Бурул Аманова, Альфия Самигуллина, Евгения Строкова, Улан Примов.
Ошондой эле, мамлекеттик органдын аталышын Конституциянын учурдагы редакциясына ылайык келтирүү үчүн «Өкмөт» деген сөздөрдү «Министрлер Кабинети» менен алмаштырууга байланыштуу мыйзамга редакциялык түзөтүүлөр киргизилген.
Мындан тышкары, тиешелүү министрликтин отчеттук маалыматтары боюнча, 2019-жылдан бери аймактык социалдык өнүгүү башкармалыктары жарандарга байланыштуу башка мамлекеттик жана муниципалдык органдардан жана мекемелерден “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара акеттенүү тутуму аркылуу керектүү маалыматтарды алып жатышат. Буга байланыштуу, жарандар мындай сертификаттарды берүүгө милдеттүү эмес, деп белгилешет түзөтүүлөрдүн демилгечилери.
Ошондой эле 5-беренеде мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрүнүн тизмесин дагы бир түрдөгү жөлөкпул – ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул менен толуктоо сунушталды. Жөлөкпулдун бул түрү көрсөтүлгөн мыйзамда каралган жана алуучулардын 8 категориясына дайындалган.
“Конституция жөнүндө” Мыйзамдын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, пенсияларды, социалдык жөлөкпулдарды жана башка социалдык жардамдарды мыйзамда белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес деңгээлде кепилдеген конституциялык норма (44-берененин 2-бөлүгү). Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет,.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамдын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, пенсияларга, социалдык жөлөкпулдарга жана башка социалдык жардамдарга мыйзамда белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес деңгээлде кепилдик берген конституциялык норма (44-берененин 2-бөлүгү) 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет, деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздеме билдирүүсүндө.