Өзгөчө абал маалында коомдук транспорт иштебейт

Өзгөчө абал маалында коомдук транспорт иштебейт. Бул тууралуу 24-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында, биринчи өкмөт башчысынын орун басары Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле бир такси ишине тыюу болот.

Жарандар үч себептерден улам үй-жайын таштап кетүүгө болот:

1) тамак-аш сатып алууга;

2) дарыканаларга;

3) дарыгерге.

Коменданттык саат 20:00 ден тартып  кийинки эртең мененки саат 7:00 ге чейин чыгып кетүүгө тыюу салынат.

«Жарандар көчөдө 7:00 ден 20:00 ге чейин 3 себептерден улам чыгышы мүмкүн. Алар азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага дары-дармек сатып алууга, ооруканаларга, ошондой эле кээ бир мамлекеттик органдардын кызматкерлери атайын уруксат баракчасы менен журууго мумкунчулугу болот», – Боронов билдирди.

Мындан тышкары, дүкөн, дарыкана, ооруканалар кызматкерлери алардга жумушка келүүгө мүмкүндүк бере турган уруксат алуу керек.

Бул эрежелер, өзгөчө абал киргизилген бардык калкка карата колдонулат.

Добавить комментарий