Ысык-Көл: Жаш дипломаттардын V эл аралык жайкы мектеби өтүп жатат

Бүгүнтөн баштап, 2021-жылдын 23-августунда, Ысык-Көлдө жаш дипломаттар үчүн V Эл аралык жайкы мектептин сабактары башталды.

Ал КР ТИМдин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиясы тарабынан ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу менен жаш дипломаттар үчүн V Эл аралык жайкы мектеп өтүүдө.

Иш-чарага Россия, Беларус, Венгрия, Казакстан жана Кыргызстандын ТИМдеринин кенже дипломаттары катышты. Мектеп «Глобалдык мамилелер: COVID-19дан кийинки доордогу дипломатия – Өзгөрүп жаткан дүйнөгө көнүү» деген ураан астында иштейт.

Биринчи күнү КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын ректору Чынара Адамкулова куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал Жайкы мектеп региондогу көйгөйлөрдү жана кызматташтыктын келечегин талкуулоо жана биргелешип издөө аянтчасына айланып баратканын белгиледи. Жаш дипломаттардын арасында мындай жолугушуулар, лекциялар жана биргелешкен талкуулар сөзсүз түрдө жаңы билимдердин төрөлүшү, жаңы компетенциялардын калыптанышы менен аяктаарын баса белгиленди, бул өз кезегинде алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө жардам берет. Мектеп COVID-19 пандемиясына байланыштуу темаларга басым жасайт.

Жайкы мектептин максаты – тыгыз мамилелерди өнүктүрүү, региондун дипломаттарынын ортосунда пикир алмашууга көмөктөшүү жана актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча позициялар менен таанышуу.

Жайкы мектептин алкагында иштөөнүн негизги формалары-катышуучуларга өз тажрыйбалары менен бөлүшүүгө, жаңы маалымат жана билим алууга, дискуссияларга активдүү катышууга мүмкүндүк берген лекциялар, семинарлар, кейстер, ролдук оюндар, тегерек столдор.

Тематикалык лекцияларды КРнын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев жана ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов өткөрүштү. КР ТИМдин эл аралык эксперттери, ЕККУнун Бишкектеги Программалык бюросу, Эл аралык Кызыл Крест Комитети, КРдагы Европа Биримдиги, КРдагы БУУ-Аялдары, КРдагы БУУнун Фондунун, КР УКМК, БААУ, КРдагы БУУӨП тренингдин алкагында негизги баяндамачылар катары чыгышты.

Добавить комментарий