Ыйык Рамазан айынын башталар күнү белгилүү болду

Ыйык Рамазан айы 13-апрелде башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Аалымдар кеңеши орозонун убактысын аныктаган токтом чыгарды.

«No1 Жарлыкка ылайык, 2021-жылы ыйык ай 13-апрелде башталат», – дешти КМДБда.

Белгилей кетсек, буга чейин муфтият Ыйык Рамазан айы 13 же 14-апрелде башталаарын билдирген.

Орозо – мусулман адам үчүн ыймандын эң маанилүү сыноолорунун бири. Ыйык Рамазан айында Ислам дини бир гана тамак жебей эмес, көзүңүздү, кулагыңызды жана тилиңизди азгырыктардан коргоого, башкача айтканда, ушак айтпоого, жок-барды айтып сүлөшпөөгө, жаман сөздөрдү сүйлөбөөгө, күчүңүздү жакшы иштерге багыттоого чакырат.

Добавить комментарий