Улуу Британия Украинага жүздөгөн абадан коргонуу ракеталарын өткөрүп берди

 

Улуу Британия Россиянын чабуулдарынан коргонуу үчүн британиялык абадан коргонуу системалары үчүн Украинага жүздөгөн ракеталарды өткөрүп жатат.

Бул тууралуу Британиянын коргоо министри Грант Шаппс билдирди.

«Путиндин кандуу соккуларынын акыркы толкуну – жүз миңдеген аскерге милдеттүүлөр кыйроолуу жоготкондон кийин жана анын «үч күндүк согушунун» үчүнчү жылынын кордугунун алдында күчтү калыбына келтирүүнүн айласыз жана курулай аракети. Биз Украинаны коргоону улантуудабыз. Ошондуктан биз бүгүн Улуу Британиянын абадан коргонуу системаларын өркүндөтүү үчүн жүздөгөн ракеталарды жөнөтүп жатабыз, алар орусиялык учкучсуз учактарды жана ракеталарды укмуштуудай тактык менен атып түшүрө алат», – деп жазды ал Твиттердеги баракчасына.

Шаппстын айтымында, Путин Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана Батыштын чечкиндүүлүгүн сынап жатат.

«Азыр бүткүл дүйнө чогулуп, Украинадан жеңишке жетүү үчүн күч-аракетибизди эки эсеге арттыра турган учур», – деди министр.

Эске сала кетсек, 29-декабрда Россия Украинага массалык чабуул жасап, анын кесепетинен 30 жайкын тургун набыт болуп, 160ы жарадар болгон.

Добавить комментарий