Украина менен Россиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү раунду Беларуста өтүүдө

Беларустун Брест облусунда Украина менен Россиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү раунду башталды.

Күтүлгөндөй, жолугушууда тараптар үч блок боюнча маселелерди талкуулашат – ички саясий жөнгө салуу, эл аралык гуманитардык аспектилер жана аскерий жөнгө салуу маселелери.

28-февралда Беларустун Гомель облусунда сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду өттү. Андан соң сүйлөшүүлөр республиканын Брест облусунун Беловежская пущасына өтүп, ал жерде 3-мартта сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өттү. Ал жерде украин жана орус делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү раунду да өтүп жатат.

Украинада салгылашуулар уланууда. Россия атайын аскердик операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Аскер жана карапайым калктын арасында курман болгондордун саны өсүүдө. Көптөгөн өлкөлөр РФа каршы катаал санкцияларды киргизишти жана киргизүүнү улантууда.

Добавить комментарий