Тилекмат Күрөнов Фейсбукка пост жарыялаганы үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Активист Тилекмат Күрөнов 48 саатка камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындай маалыматты Замандаш партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов бөлүштү.

Анын айтымында, укук коргоо кызматкерлери активисттин Фейсбуктагы жарыяларынан өкмөттү кулатуу чакырыктарын тапкан. Так кайсы пост жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз.

«Көрсө, алар алдын ала корутунду даярдап, экспертиза жүргүзүшкөн. Эртең Тилекмат Күрөновго баш калаанын Биринчи Май райондук сотунда профилактикалык иш-чара болуп шайланат. Коомчулукка алдын ала маалымдайбыз», – деди Жеңиш Молдокматов.

Эскерте кетсек, бүгүн активист Тилекмат Күрөнов Бишкек ШИИББдин Онунчу башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалганы белгилүү болду. Ал 9-мартта Ак үйдүн жанында Конституциянын жаңы редакциясына каршы митингдин уюштуруучуларынын бири болгон.

Добавить комментарий