Ташкентте Ооганстан боюнча эл аралык конференция өтөт. Ага Кыргызстандын өкүлдөрү катышат


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/07/speech-73060-1658758803-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Ооганстан боюнча эл аралык конференцияга катышуу үчүн Кыргызстандын делегациясы Ташкентке келет. Делегацияны Кыргызстандын президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков жетектей турганын Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Делегациянын курамында КР ТИМинин 4-саясий департаментинин директору Авазбек Атаханов жана КР УССИнин директорунун орун басары Эдил Осмонбетов бар.

25-26-июлда Өзбекстандын борборунда “Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү” деген темада Ташкент эл аралык конференциясы өтөт.

Эске салсак, бул иш-чара Ооганстан боюнча жогорку деңгээлдеги Ташкент эл аралык конференциясынын (27-март, 2018-жыл) жана «Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» жогорку деңгээлдеги Ташкент эл аралык конференциясынын (15-16-июль, 2021-жыл) уландысы болот.

Добавить комментарий