Тарых музейи чет элдик компанияга карызын төлөгөнүн жарыялады

Кыргызстандын Маданият министрлиги Кыргызстандын тарых музейинин иштөө программасын иштеп жаткан чет элдик компаниянын карызын толук төлөгөндүгү тууралуу маалымат таратты.

Маданият министри Азамат Жаманкулов, атап айтканда, Германиянын «Витринен унд Гласбау РАЙЕР ГМБх» (Vitrinen und Glasbau REIER GmbH) компаниясына 225 миң евро карыз республикалык бюджеттин эсебинен жабылганын билдирди.

«Ноябрдын аягында фирманын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, программалык камсыздоону ишке киргизишет. Ошондон кийин гана музейди кайсы мөөнөткө ишке киргизе аларыбызды айта алабыз», – деп кошумчалады Жаманкулов.

Добавить комментарий