Талант Мамытовдун РФга үч күндүк жумушчу сапары пландаштырылууда

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвада Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушат, иш сапары 6-8-декабрга пландаштырылган.

Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташуу маселелерин, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Россиянын өз ара байланышын өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Талант Мамытовдун Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруу комитетинин төрагасы – КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.

Добавить комментарий