Түркия Кыргызстанга 150 миң доза вакцина жөнөттү

Кыргызстанга Түркиядан гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Учактын бортунда биздин өлкөгө коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза «Sinovac» вакцинасы келген. 

Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жүктү өткөрүп берүү аземине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул эмдөө менен 18 жаштан өткөндөрдүн баары эмделет. 1-жана 2-дозалардын ортосундагы аралык 2-4 жума болушу керек.

Sinovac-CoronaVac вакцинасы ДСУ тарабынан COVID-19дун алдын алуу үчүн чукул колдонуу үчүн тизмеленген жана ДСУнун Иммунизациялоо боюнча эксперттик консультативдик тобу (ЭКТ) тарабынан каралып чыккан. Вакцина Пекиндеги Sinovac фармацевтикалык компаниясы тарабынан чыгарылган.

Маалымат үчүн: Sinovac-CoronaVac – бул инактивацияланган вакцина.

Вакцина ийнинин булчуңуна ийне аркылуу берилет. Вакцинанын бир дозасы (0,5 мл) төмөнкүлөрдү камтыйт:

-активдештирилген SARS-CoV-2 вирусу (CZ02 штаммы) (активдүү зат). Вакцинада COVID-19 козгоочу тирүү вирус жок;

– алюминий гидроксиди (адъювант);

– ошондой эле төмөнкү активдүү кошумча заттар: динатрий гидрофосфаты, натрий дигидрофосфаты, натрий хлориди суусу.

Добавить комментарий