Сузак: дайынсыз жоголгон 9 жашар кыздын жансыз денеси табылды

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, алар дайынсыз жоголгон кыздын сөөгүн табышкан.

Сузакта бир нече күн мурун жоголуп кеткен 9 жаштагы Сумай Хосилжанованын иши КР Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кайрадан квалификацияланды.

Эскерте кетсек, мектеп окуучусу 18-ноябрь күнү саат 12:40та мектепке кетип, дайынсыз жоголгон. Бир нече күн бою ыктыярчылар, туугандары жана милиция аны издеп жүрүшкөн. Материалдар жоголгондон кийин КЖБРге катталган.

27-ноябрь күнү саат 17:00дө Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арал айылында Көк-Арт дарыясынын жээгинен 8-12 жаштагы кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөп кетти. Тышкы экспертизада зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери табылган эмес. Көп өтпөй кыздын өздүгү такталган.

Иштин материалдары “адам өлтүрүү” беренеси менен кайра квалификацияланды. Тергөө иш-чаралары уланып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Добавить комментарий