Санкт-Петербургда Бишкектин мэри Россинын Түндүк борборунун башчысы менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев расмий иш сапары менен Санкт-Петербургда жүрөт. Муниципалитеттин басма сөз кызматы мэриянын башчысынын Россиянын түндүк борборунун вице-губернатору Валерий Пикалев менен жолугушуусу тууралуу билдирди.

«Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин жана аны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле баарлашууда катуу таштандыларды башкаруу, жашылдандыруунун жаңы технологиялары жана ыңгайлуу шаар чөйрөсүн калыптандыруу маселелери козголду», — деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, иш сапардын алкагында Санкт-Петербург шаарын көрктөндүрүү боюнча комитеттин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.

«Мэр жашылдандыруу жана парк чарбасы бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Ага «Ыңгайлуу шаардык чөйрөнү калыптандыруу» жаңы приоритеттүү долбоору, ошондой эле шаардык маанидеги жалпы пайдалануучу жайларды компенсациялык жашылдандырууну ишке ашыруу чаралары тууралуу айтылды», — деп белгилешти борбордун мэриясынан.

Добавить комментарий