Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы этап-этабы менен эмдөө программасынын үстүндө иштеп жатат

Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова бүгүнкү брифингде билдирди.

Ал COVAX механизми боюнча алдын-ала эсептөө менен вакциналардын көлөмү 1 миллион 200 миң кыргызстандыкка бөлүнөрүн белгиледи. «Азыр эмдөөнү этап-этабы менен кылуу маселеси каралып жатат. Биринчи кезекте медициналык кызматкерлер жана жумушуна байланыштуу кооптуу аймакта тургандар эмдөөдөн өтүшөт», – деди ал.

Айнура Акматова кошумчалагандай, учурда COVAX механизми эң көп вакциналардын портфолиосуна ээ: 9 талапкер жана дагы тогузу бааланып жатат. «Эгерде өлкө ультрамуздак тармагын камсыз кыла алса, бардык катышуучуларга Pfizer вакцинасын чакан жеткирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө каттар жөнөтүлдү», – деди ал.

Бөлүмдүн башчысы Саламаттык сактоо министрлиги вакцинациянын этаптуу механизминин алкагында вакциналарды карап чыгуу боюнча иштерин улантууда, дары-дармектерди жана муздаткыч жабдууларын сатып алуу боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөндүгүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга Pfizer коронавирус вакцинасын изилдөө үчүн документтер келип түшкөнүн билдирген. Бирок кийинчерээк бөлүмдүн башчысы Алымкадыр Бейшеналиев республикада Pfizer коронавируска каршы вакцинасын сактоо үчүн атайын муздаткычтар жок экендигин айтты. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, 2021-жылдын июнь айына чейин эмдөө болбойт.

Добавить комментарий