КР Президенти Садри Жапаров Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушту, анын жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуу “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” Биринчи Эл аралык экономикалык форумунун алкагында өттү.
Мамлекет башчысы Петер Сийяртого Биринчи Эл аралык экономикалык форумга көрсөткөн колдоосу жана катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
«Келечекте бул платформа Борбордук Азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин өзүнүн катчылыгы менен экономикалык кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн туруктуу механизми болуп калат деп ишенебиз. Биздин демилгебизде Венгриянын колдоосуна ишенебиз», — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын Евробиримдиктеги стратегиялык өнөктөшү болгон Венгрия менен болгон мамилени жогору баалады.
Садыр Жапаров 4-октябрда Венгрияда КР элчилигинин ачылышына колдоо көрсөткөндүгү үчүн Венгриянын өкмөтүнө жана жеке Петер Сийяртого ыраазычылык билдирди. Бүгүнкү күндө элчилик иштеп жатат жана жакынкы арада өлкөнүн элчиси дайындалат.
Мамлекет башчы ошондой эле 4-октябрда Будапештте кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин биринчи жыйынын өткөрүүнү оң баалады. Ал бул күн тартибиндеги актуалдуу эки тараптуу маселелерди талкуулоонун натыйжалуу механизми болуп каларына ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров быйыл 28-ноябрда өлкөдө боло турган парламенттик шайлоону эске салып, буга байланыштуу Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинде биринчи шайлоо участогун ачуу ниетин билдирди.
Президент Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанды мамлекеттик визит менен өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келүүгө чакырды.
Мамлекет башчысы Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун бүгүнкү ачылышын жана Петер Сийяртонун жеке катышуусу менен Фонд кеңешинин биринчи отурумун канааттануу менен белгиледи.
Президент Садыр Жапаров биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун натыйжасында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 50 миллион долларга чейин көбөйтүүгө болот деген ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто президент Садыр Жапаров менен кайрадан жолугушуу ал үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.
Ал кыргыз тарапты ЕБ-БА форумунун ийгиликтүү уюштурулушу жана жогорку деңгээлде өтүшү менен куттуктады.
Петер Сийярто Садыр Жапаровго эки тараптуу венгер-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө умтулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, венгер тараптын эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык мамилелерди олуттуу мазмунга толтуруп, аларды жаңы деңгээлге чыгаруу ниетин билдирди.
«Биз Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишке киришине чын жүрөктөн кубанычтабыз. Себеби, биздин жалпы максат – аларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мүмкүн болушунча көбүрөөк биргелешкен долбоорлорду аныктоо», — деди Венгриянын тышкы соода жана тышкы иштер министри.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Петер Сийярто Венгрия тарап КР жарандарын эмдөө үчүн паспортторду таануу чечимин кабыл алганын кошумчалады. Ошентип эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктар Венгрияга ээн-эркин кирип, бара алышат.
Кошумчалай кетсек, 2022-жылы Будапешттен Бишкекке түз аба каттамдары ачыла турганын билдирди.
Министр билим берүү тармагын талкуулап жатып, ЖОЖдор менен гана эмес, башталгыч жана орто билим берүү тармагында да эки тараптуу кызматташтыкты түзүү зарылдыгын белгиледи.
Петер Сийярто Венгрия Кыргызстан менен стратегиялык мамилелердин жогорку деңгээлин сактап калуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын ырастады.