Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчы ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бүгүнкү күндө алар кесиптик милдеттерин жогорку деңгээлде билишерин, коомдогу туруктуу өзгөрүүлөрдүн татаал шарттарында өз милдеттерин ийгиликтүү аткарышарын белгиледи.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ИИМдин учурдагы жана мурунку кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун тексти келтирилген:

«Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Бүгүн кыргыз милициясы кесиптик майрамын белгилөөдө.

Бул дата ИИМ кызматкерлеринин көптөгөн муундарынын талыкпаган эмгегинин мамлекеттик деңгээлде таанылышы, алардын жан аябас кызматы үчүн коомдун ыраазычылыгы.

Укук коргоо органдарынын тарыхында баатырдык менен эрдиктин көптөгөн мисалдары бар. Пайда болгон күндөн тартып, милиция кызматкерлери басмачылык менен күрөшүп, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде душмандарга каршы эр жүрөктүк менен салгылашып, салгылашууларга дуушар болбогон жерлерде коомдук тартипти сактап, согуштан кийин өлкөнү кеңири кулач жайган кылмыштуулуктан коргоп келишкен.

Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери кесиптик милдеттерин жогорку деңгээлде билишет, коомдогу туруктуу өзгөрүүлөрдүн татаал шарттарында өз милдеттерин ийгиликтүү аткарышат, мыйзамдарды жана адам укуктарын коргоп, эл аралык уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүүдө. Сиздер алдыга коюлган милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарып, элдин ишенимин актап, коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылып, укук коргоо органдарынын кадыр-баркын көтөрө бересиздер деп ишенем.

Ошондой эле, көп жылдык билимин жана тажрыйбасын кийинки муундарга өткөрүп берип жаткан кадырман ардагерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Биз өлкөдөгү коомдук тартипти сактоодо катардагы жарандардын жардамына ишенебиз жана алардын пикирин жогору баалайбыз.

Жеке курамды жана ардагерлерди Кыргыз милициясынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиз.

Сизге жана сиздин жакындарыңызга чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн маанилүү иште ийгилик каалайм!»- деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Добавить комментарий