Сөгүп жатам! Жээнбековдун бажыдагы коррупция жана Матраимов боюнча жообу. Видео

Жээнбековдун айтымында, коррупционерлердин саясий технологдору Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коррупциянын символу кылып коюшту.

«Биздин эл коррупцияны жек көрөрүн билип туруп ошол коррупционерлердин саясий технологдору Райым Матраимовду коррупциянын символуна айландырып, мага жабыштыргысы келип жатат. Мен ишти аягына чыгарганга өзүм кызыктармын. Бардыгы ачык-айкын болот», — деди Жээнбеков.

«Бажы тармагында коррупция бар экени жашыруун эмес. Бул боюнча айтпаганды айтып, керек болсо чыгарып алып сөгүп жатам. Аракеттер болуп жатат. Бул тармак 1990-жылдан бери коррупциянын уюгу болуп келген. Эмне үчүн дегенде ошол бажыны көзөмөлдөй турган жетекчилер, президенттер схеманын үстүндө өздөрү чогуу отурган. Азыр менде бажы тармагындабы же башка тармактабы кошелек, капчык деген жок. Анын жок болушуна кызыктармын, ошондуктан санариптештирип жатабыз. Санариптештирүүнү каалайбы, каалабайбы күч менен болсо да киргизебиз», — деди президент.
Ошондой эле ал учурда бажыдан кандай автоунаа, эмне товар өтүп жатканы тууралуу өзү да, премьер-министр да иш бөлмөсүндө онлайн көрүп отурганын кошумчалады.

Добавить комментарий