Россиядан Кыргызстанга 760 тонна дан алынып келинди

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сатып алынган буудай протеиндин жогорку индексине ээ.

Россиядан Кыргызстанга 760 тонна көлөмүндөгү буудайдын экинчи партиясы жеткирилди, деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Жакынкы күндөрү өлкөгө дагы 53 вагон буудай келет. 20 апрелде Кыргызстанга эгиндин биринчи партиясы жеткирилген — 1 миң 28 тонна.

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Россиянын Азык-түлүк корпорациясы 33 миң тонна буудайды сатып алуу боюнча келишимге кол коюшкан. Бүгүнкү күндө жалпы көлөмдүн 1800 тоннасы республикага жеткирилди.

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сатып алынган буудай протеиндин жогорку индексине ээ.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Мамлекеттик резервдер фондунун кампаларында буудай жетиштүү. Ун менен эгиндин тартыштыгы жок.

Добавить комментарий