Россиядан Кыргызстанга 15 вагон буудай келди

Россиядан республиканын мамлекеттик материалдык резервдеринин муктаждыктары үчүн сатып алынган буудайдын биринчи партиясы Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

15 темир жол вагону менен 1028 тонна буудай данды Чүй облусунда жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампаларына жеткирилди.

Белгиленгендей, буга чейин Кыргыз Республикасы Россиянын Азык-түлүк Корпорациясы менен 33 миң тонна буудайды сатып алуу жөнүндө келишимге кол койгон.

Дагы 36 вагон буудай ушул аптада Кыргызстанга келиши керек, ал эми калган дан 2020-жылдын май айынын аягына чейин жеткирилет.

Буга чейин, өкмөттүн атынан, өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин, 5 тоннадан ашык ун жана 150 тонна кант Кыргыз Республикасынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө таратылган.

Добавить комментарий