Россия менен Кытай бири-бирине өз максаттарына жетүүгө жардам берет: Си Цзиньпин


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/03/speech-88212-1679412262-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

КЭР төрагасы Си Цзиньпин 20-мартта Москвада РФ башчысы Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда 2024-жылдагы президенттик шайлоодо орусиялыктар аны колдой турганына ишеним билдирди. Буга Кремлдин сайтында жарыяланган видео далил.

Си Цзиньпин Россия менен Кытайдын алдыга жылууда көптөгөн окшош максаттары бар экенин, анын ичинде модернизация жана өнүгүүнү белгиледи. Си Цзиньпин ошондой эле Путинди күчтүү лидерлиги үчүн мактап, Россия акыркы жылдары олуттуу ийгиликтерге жетишкенин айтты.

Кытай мамлекет башчысы ошондой эле Кытай Россия менен мамилени өнүктүрүүгө чоң көңүл бурарын, анткени алар ири кошуна мамлекеттер жана ар тараптуу стратегиялык кызматташуу боюнча өнөктөш экенин баса белгиледи. Ал Россия менен Кытайдын ортосундагы тыгыз мамиле мындан ары да улана берерине жана эки өлкө бири-бирине максаттарына жетүүгө жардам берерине ишеним билдирди.

20-мартта Россияга келген Си Цзиньпин Владимир Путин менен бейформал шартта жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү түшкү тамакта улантты. Кытай менен Россиянын расмий сүйлөшүүлөрү 21-мартка белгиленген.

Добавить комментарий