Россия дан келишимин өз шарттары менен узартууну каалайт

 

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин Россия “дан келишимин” 60 күнгө узартууга макул болгонун билдирди.

Дан боюнча келишимдин учурдагы мөөнөтү 18-мартта бүтөт, ага байланыштуу Россия келишимди 60 күнгө узартуу талабын койгонун россиялык басылмалар жазышты.

Сергей Вершинин белгилегендей, келишим боюнча мындан аркы чечим айыл чарба экспортун, анын ичинде банктык төлөмдөрдү, транспорттук логистиканы, камсыздандырууну, финансылык иш-аракеттерди тоңдурбоо жана Тольятти-Одесса кууру аркылуу аммиакты жеткирүүнү нормалдаштыруудагы прогресс менен аныкталат.

Вершининдин айтымында, Россиянын мындан аркы позициясы сөз менен эмес, иш жүзүндө аныкталат.

Дан келишими: эмне белгилүү

Июль айында БУУ менен Түркия украин данын Одесса облусунун портторунан тоскоолдуксуз экспорттоо боюнча келишимге жетишип, орус экспортуна айрым чектөөлөрдү алып салышкан. Россия дан ташыгычтарды милдеттүү түрдө текшерүүнү талап кылып, бирок чындыгында бул шартты пайдаланып, дан коридоруна саботаж жасаган.

Эскерте кетсек, келишимдин мөөнөтү 18-мартта аяктайт жана бардык тараптар келишимди узартууга макул болбосо, келишим жокко чыгарылат. БУУ жана Түркия Россияны мөөнөттү узартууга макул болууга чакырышууда.

Добавить комментарий