Россия 8 өлкөгө каттамдарга коюлган чектөөлөрдү алып салды

Аба транспортунун федералдык агенттиги коронавирус инфекциясы боюнча кырдаалдан улам 8 өлкөгө мурда колдонулуп келген үзгүлтүксүз жана пландан тышкаркы каттамдарга коюлган чектөөлөр алынып салынганын жарыялады.

Аба транспорту боюнча федералдык агенттиктин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 9-мартында РФ өкмөтүнүн токтомуна ылайык, COVID-19 инфекциясынын жайылышын алдын алуу алкагында киргизилген Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Иранга пландан тышкаркы жана пландуу каттамдарга коюлган чектөөлөр алынды.

Буга чейин Беларуска, Доминикан Республикасына, Египетке (Каирден тышкары), Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Финляндияга, Чехияга, Швейцарияга, Түштүк Кореяга жана Кубага каттамдарга ковиддик чектөөлөр толугу менен алынып салынган.

Бул өлкөлөргө каттамдар азыр аба кыймылы боюнча өкмөттөр аралык макулдашуулардын жоболору жана өлкөлөрдүн авиациялык бийликтеринин ортосундагы айрым макулдашуулар менен гана чектелет.

Региондуу жана графиктен тышкаркы каттамдарды аткарууда авиакомпаниялар РФнын башкы мамлекеттик санитардык дарыгеринин “COVID-19 инфекциясынын жайылышын болтурбоо үчүн изоляцияны камсыз кылуу жөнүндө” токтомунун жоболорун сактоого милдеттүү”, – деп кошумчалады Аба транспортунун федералдык агенттиги.

Добавить комментарий