Президент Жапаров электр энергиясына болгон тарифти төмөндөтүү боюнча жарлыкка кол койду

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына болгон тариф арзандады. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Документ “Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясына төлөмдөрдү төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө” деп аталат.

Эске салсак, президент ушул жылдын 26-ноябрында КР Коопсуздук кеңешинин жыйынында аталган адамдарга электр энергиясына болгон тарифти төмөндөтүү механизмин иштеп чыгууну тапшырган.

Бул Жарлыктын максаты жана милдети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) социалдык мааниге ээ товарларга баалардын өсүшүнүн шартында даректүү социалдык колдоо болуп саналат.

Жарлыктын чегинде КР Министрлер Кабинети токтом кылынат:

– 2022-жылдын 1-январынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар, мамлекеттик «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн электр энергиясына айына 700 кВт саатка чейин керектөө менен 1 кВт саат үчүн 50 тыйын өлчөмүндө аныкталсын;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды, анын ичинде КР ченемдик укуктук актыларына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган чараларды көрүлсүн.

 

Добавить комментарий