Шаарлар жапырт изоляциялангандыктан, ээн калган шаарларда жапайы жаныбарлар көп кездешип калды. Пингвиндер Түштүк Африка Республикасынын борборуна келишти.
SANCCOB пингвиндердин Реабилитация борборунун кызматкерлеринин бири Түштүк уюлдун тургундарынын Кейптаундун бош көчөлөрүн басып өтүп жаткандыгын видеого тартып алган. Видеолор Storyful Rights Management YouTube каналына жайгаштырылган.
«Жаныбарлар өзүлөрүн эркин сезишет: жолду кесип өтүшөт, зарыл болсо, жээкке оңой секиришет», – деп белгилейт видео автору.
Борбордун кызматкеринин айтымында, жакынкы пингвин колониясы шаардын жанында – Boulders Beach жээгинде жайгашкан.
Белгиленгендей, пингвиндер көп элден качышат жана адам аларга өтө жакын болгондо, аны жактырбайт.
Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафос 26-мартта өлкө боюнча 21 күндүк карантин киргизилгенин жарыялады. 9-апрелде ал бул режимди дагы эки жумага узарткан.
Мурдараак Мадридде (Испания) “адаттан тыш” өтүп бара жаткан жүргүнчү байкалган: карантинге байланыштуу аю бош көчөлөрдү басып өткөн.